Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

Түз ободо Орусияда жүздөй дрон атып түшүрүлдү. Бир нече аэропортто чектөөлөр кирди

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:15 19.7.2025

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери фронтто 119 154төн кем эмес орус аскери каза болгон. Мындай сандар Би-би-си орус кызматы менен “Медиазона” басылмасынын ыктыярчылар менен биргелешип даярдаган маалыматында айтылат.

Тизме соцтармактардагы маалыматтар, жергиликтүү басылмалардагы кабарлар сыяктуу ачык булактардын негизинде түзүлгөн. Каза болгондордун реалдуу саны мындан бир кыйла көп болушу мүмкүн.

Мурунку маалымат жарыялангандан кийинки эки жумада каза тапкандардын саны дээрлик миң кишиге көбөйгөн.

Эң көп жоготуулар ыктыярчылар арасында болгон – согуш башталгандан бери 32 миңден ашуун киши өлгөн. Каза болгондордун саны боюнча экинчи орунда абактан баргандар (дээрлик 18 миң киши), үчүнчүдө – мобилизациялангандар (13 миңден ашуун) турат.

Согушта жалпы каза болгондордун беш миңден ашууну офицерлер.

Мурдараак АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусия жыл башынан бери 100 миң аскеринен айрылганын билдирген. Ушундай эле бааны 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да берген.

“Медиазонанын” ырасташынча, согушчул блогер Павел Губарев согуштун башынан тарта жалпысынан миллион аскер каза болгон деп эсептейт.

Америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эсебинде, Орусия согуш башталгандан бери миллион кишисинен айрылган. Анын 250 миңи өлтүрүлгөн. Украинанын жалпы жоготуулары 400 миң аскер деп эсептелет.

Орусия менен Украина өздөрүнүн жоготуулары тууралуу расмий түрдө өтө сейрек кабарлашат.

10:03 19.7.2025

«Шереметьеводо» учууларга убактылуу тыюу салынды

Росавиация Москванын бул аэропортунда учууларга убактылуу тыюу салынганын 19-июлга караган түнү жарыялады.

18-июлдун кечинде «Домодедово» аэропортунда коопсуздуктан улам ушундай эле чектөөлөр киргизилген.

14:20 18.7.2025

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Кая Каллас "Орусияга каршы бирден бир катаал сакциялар пакети" макулдашылганын билдирди. Каллас Европа Украинага колдоосун улантып, Орусия согушту бүтүрмөйүнчө Москвага басымды күчөтө берерин жарыялады.

18-санкциялык пакет "Чоң жетиге" кирген өлкөлөргө Орусиянын чийки мунайынын баасын баррелине 47,6 долларга чейин түшүрөт. Ошондой эле "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурлары менен жаңы келишимдерге тыюу салат.

Бейшембинин кечинде Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Братислава Брюсселдин 18-пакетин колдой турганын билдирген.

13:24 17.7.2025

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 16-июлда дагы Орусияга каршы санкциялардын 18-пакетин макулдаша алган жок.

"Европалык чындык" басылмасы өз булактарына шилтеме кылып, Брюсселдеги жыйында Словакия менен Мальта дагы каршы чыкканын жазды. Тышкы иштер министрлердин кийинки жыйыны эми 18-июлда болот.

Ерошаркеттин өкүлдөрү 15-жыйында дагы санкцияга байланыштуу орток пикир таба алган эмес жана анда дагы Братислава менен Валлетта каршы болгон.

Словакия мурда кабарлангандай, эгер орус газы келбей калса, анын чыгымын толук жабуу үчүн шаркеттен кенемте талап кылууда. Мальта болсо орус мунайынын баасы көтөрүлүп кетсе, кара май ташыган флотко кесепети оор болот деп чочулайт.

Санкциялардын 18-пакетинде орус мунайына бааны кескин көтөрүү, "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" газ куурларына тыюу салуу, Орусиянын банктарына жаңы чектөөлөрдү киргизүү каралып жатканы маалым болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG