Өзбекстан 100 жыл мурун кандай эле? Сүрөтчү Макс Пенсондун объективине илинген тарыхый сүрөттөр. Чебер чөлкөмдөгү индустриалаштырууну, пахта талааларын, каналдардын курулушун, карапйым адамдардын турмушун тарткан. Пенсондун жеке тагдыры аянычтуу аяктаган, бирок анын камерасы тарыхка баалуу салым кошкон.
Борбор Азия
Франция жакын арада Палестин мамлекетин тааный турганын жарыялады. Палестин автономиясы бул чечимди кубаттаса, Израил менен АКШ Парижди катуу сындады. Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Мигранттар бул реестрден чыгуу түйшүк жаратып жатканын, тоодой тоскоолдуктарга даттанууда. Соңку эки ай ичиндеги эки жоокердин өлүмүнөн кийин президент Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошевге сөгүш берди. Расмий маалыматта жетекчи аскерлердин суицидин алдын алуу үчүн жетиштүү чара көрө албаганы айтылды.