Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:39

Кыргыз, тажик жана өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификацияланды


Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. Кожент шаары.
Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. Кожент шаары.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек аралары кездешкен чекит тууралуу келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.

"Бул мыйзамдын максаты Кыргызстандын "Эл аралык келишимдер жөнүндө" жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Ушул мыйзам менен 2025-жылдын 31-мартында Кожент шаарында кол коюлган үч мамлекеттин чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндөгү келишимди ратификациялоо сунушталат",-деп жазылган маалыматта.

Үч өлкөнүн президенттири бул келишимге 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында кол коюшкан. Чек аралар кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.


Шерине

XS
SM
MD
LG