Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:05

Израил Газага БУУнун гумжардамын жеткирүү үчүн коридор ачарын билдирди


Ушул аптада жүздөн ашык уюм Газада ачкарчылык башталганын билдирген.
Ушул аптада жүздөн ашык уюм Газада ачкарчылык башталганын билдирген.

Израил Газа тилкесине Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык жардамын жеткирүү үчүн коридор ачарын билдирди. Мындан көп өтпөй аталган эле анклавга тамак-аш, азык-түлүк салынган контейнерлерди парашют менен жеткирүү дагы жанданганы белгилүү болду.

Израилдин армиясы тараткан маалыматта, "Газада ачарчылыкка атайлап жол берилгени тууралуу жалган билдирүүлөрдү жокко чыгаруу максатында БУУнун азык-түлүк, дары-дармек жүктөлгөн машиналары коопсуз өтүшү үчүн гуманитардык коридорлор түзүлөт" деп жазылган.

Reuters агенттиги ЦАХАЛдын өкүлүнө шилтеме кылып, Газага парашюттан тамак-аш жеткирүү жанданганын жазды. Агенттиктин палестиналык булактары дагы анклавдын түндүгүнө жүк жүктөлгөн контейнерлер келгенин бышыктаган.

Гуманитардык уюмдар жардам жеткирүүнүн мындай ыкмасы өтө эле натыйжасыз экенин айтып келишкен.

Ушул аптада жүздөн ашык уюм Газада ачарчылык башталганын билдирген. ЦАХАЛ муну жокко чыгарып, “ХАМАСтын жалган кампаниясы” деп сыпаттаган.

Ишембиде ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги ачкачылыктан 127 адам, анын ичинде беш бала мерт болгонун билдирди.

Израил Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү мартта дагы токтотуп койгон. Май айында жардам көрсөтүү жанданганы менен бир катар чектөөлөрдү киргизген. Жардамдарды бөлүштүрүү АКШ менен Израил колдогон Гуманитардык фондго берилген. Жардам таратылган жайларга, борборлорго сокку урулуп, жүздөгөн палестиналыктын өмүрү кыйылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG