Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Ташовдун адвокаты райондук соттун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга кайрылат


Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

Камактагы ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева райондук соттун чечимине даттанып жогорку инстанцияга кайрылышарын билдирди. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин азырынча ала электигин, колго тийгенден кийин шаардык сотко кайрыларын маалымдады. Адвокат иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгиледи.

Биринчи май райондук соту буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Имамидин Ташовду райондук сот 25-июлда үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Анын соту былтыр октябрда башталган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ташовду былтыр апрелде камаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.

Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон.

Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

Жаза аткаруу кызматы ишкердин дооматтарын четке каккан.


Шерине

XS
SM
MD
LG