Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кетти

Бишкек шаардык мэриясы.

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Болот Чолпонбаев жана анын орун басарлары Болот Апилов менен Адилет Турдуев иштен алынды.

Мэриянын басма сөз кызматы аларды шаар башчысы ишиндеги кемчиликтерден улам кетиргенин билдирди.

“Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев Ленин жана Биринчи май райондорунун санитардык түйүндөрүн текшерген, анда аткарылган иштердин сапаты жана көлөмү, көзөмөлдүн начардыгынан улам сын-пикир айтылган. Жооптуу кызматтарга мыйзам бузууларды тез арада жоюу тапшырмасы берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Мэрияда соңку апталарда бир топ кадрдык өзгөрүүлөр, камоо менен коштолгон кызматтан алуулар болуп жатат.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Айбек Жунушалиевдин кадр саясатын сынга алган.

Дагы караңыз

Укук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди Мамдума интернеттен "экстремисттик" маалымат издөөгө жаза каралган мыйзам кабыл алды Имангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Токаев дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны катаалдатууну тапшырдыТуманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаар четине көчүрүлөрүн айтты Казак-өзбек чек арасында май ташылган жашыруун тоннел табылды Садыр Жапаров фамилияны тандоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койду