Одесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды, Привоз базарында өрт чыкты

Одесса шаары буга чейин дагы Орусиянын чабуулуна кабылган.

Орус армиясы 24-июлга караган түнү Одессага тынымсыз чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер анда шаардын тарыхый борборундагы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объекттер, имараттар жабыркаганын билдирди.

Чабуулдардан улам Одесса шаарындагы Привоз базарында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар кызматы жергиликтүү тургундар жана туристтер үчүн маанилүү, тарыхый бул соода жайдагы өрттүн кесепетин жоюуга аракет жасалып жатканын маалымдады.

Ал арада Орусиянын Сочи шаарында дрондордон жасалган чабуулда бир аял мерт болуп, дагы бири жараат алганы кабарлады. Краснодар крайынын оперативдүү штабы дрондордун сыныгы Адлер районуна кулап түшкөнүн билдирди. Мунун алдында жергиликтүү бийлик шаардагы кара май база бутага алынганын кабарлаган.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиУкук коргоочу Рита Карасартованын соту белгисиз мөөнөткө жылды Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди Имангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Токаев дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны катаалдатууну тапшырдыТуманбаев Бишкектеги ооруканалардын баары шаар четине көчүрүлөрүн айтты Казак-өзбек чек арасында май ташылган жашыруун тоннел табылды Садыр Жапаров фамилияны тандоого мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койду