Сочиде дрон чабуулунан эки адам мерт болуп, 11и жараат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Сочи шаарында 24-июлга караган түнү Украинанын дрон чабуулунан эки адам мерт болду. Аймактын губернатору Вениамин Кондратьев Адлер районуна дрондун сыныктары кулап түшкөнүн, Авиация көчөсүндөгү эки аял алган жараатынан улам набыт болгонун билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Сочидеги кара май базасына жасалган чабуулдан 11 адам жараат алып, төртөө ооруканага жеткирилди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 24-июлга караган түнү Краснодар крайында жалпы жети дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Astra порталы Батыш-Сибир транспорттук прокуратурасына шилтеме кылып, дрон чабуулунун айынан Новосибирск, Омск, Томск шаарларындагы аэропорттордо Сочи багытындагы 60ка жакын каттам үзгүлтүккө учурап, 800дөй жүргүнчү ара жолдо калганын жазды.

Дагы караңыз

Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтОрусиянын Коргоо министрлиги дагы туткун алмашуу болгонун билдирди Стамбул: Украина менен Орусиянын делегациялары жарым сааттан ашуун сүйлөштүИмангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталатБишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиОдесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды, Привоз базарында өрт чыктыГермания гуманитардык виза программасын токтотту Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди Токаев дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны катаалдатууну тапшырды