Амур облусунда 40тан ашык жүргүнчүсү бар Ан-24 учагы кыйрады

Учак токойго, барууга татаал жерге кулаган.

Орусиянын Амур облусундагы Тында шаарына жакын аймакта Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак кыйрады.

Маалыматтарга караганда, ичинде 49 адам, анын ичинде 43 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Орусиялык маалымат агенттиктери алардын бири дагы аман калбаганын жазып жатышат.

ТАСС агенттиги транспорт прокуратурасына шилтеме кылып Хабаровск-Благовещенск багытында учуп бараткан учак Тындадагы аэропортко коноордо радардан көрүнбөй калганын жазды.

Учак токойго, барууга татаал жерге кулаган. Учурда ал аймакка куткаруучулар жөнөп кетти.

Дагы караңыз

Сочиде дрон чабуулунан эки адам мерт болуп, 11и жараат алды Түндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөтОрусиянын Коргоо министрлиги дагы туткун алмашуу болгонун билдирди Стамбул: Украина менен Орусиянын делегациялары жарым сааттан ашуун сүйлөштүИмангазиев Кыргызстандагы орус элчиси менен мигранттар маселесин талкуулады Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча сот башталатБишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиОдесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды, Привоз базарында өрт чыктыГермания гуманитардык виза программасын токтотту Өкмөт маданият үйлөрү менен китепканалар реформа болорун билдирди Токаев дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны катаалдатууну тапшырды