Песков Путин менен Зеленский жай аяктаганча жолугары күмөн экенин айтты

Дмитрий Песков.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленский август аяктаганча жолугушуусу күмөн экенин айтты. Ал 24-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып дагы бир топ иш жасалышы керектигин билдирди.

“Биз азыр бир нерсени сөзсүз болбойт деп айтууга мүмкүн болбой турган маалда жашап жатабыз. Бирок өз кызыкчылыктарыбызды камсыз кылуу менен позицияларды жакындатуу үчүн алдыда жасалчу иштердин көлөмүн эске алганда ал аралыкты секирип өтүп кетүүнү элестетүү кыйын”,-деди Песков.

Буга чейин Киев Москвага Зеленский менен Путиндин жолугушуусун августтун аягына чейин өткөрүүнү сунуштаганы белгилүү болгон.

Тараптардан Стамбулдагы сүйлөшүүсүнүн үчүнчү айлампасы 23-июлда өткөн жана ал жарым сааттай гана созулган.

ТАСС маалымат агенттиги эки тарап жарандык жана согуш туткундарын алмашууну макулдашканын кабарлаган.

Украинанын делегациясы талкууга коюлган темалардын ичинде ок атышууну токтотуу, туткундарды алмашуу жана президенттер Зеленский менен Путиндин жолугушуусу каралганын билдирген.

Дагы караңыз

Ош менен Бишкекте 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду УКМК Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди Төрөбаев: Кыргызстанда кытайлык салымы бар үч миңден ашык компания катталган Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кеттиТүндүк-түштүк кошумча жолуна таш түшүп, каттам убактылуу токтотулдуКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу: Жалал-Абадда 100дөй үй көчүрүлөт