Зеленский АКШдан сураган 10 Patriot комплексинин үчөө келатканын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан 10 Patriot системасын сураганын, өнөктөштөрү менен анын үчөөнү жеткирүү тууралуу макулдашылганын билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Германия эки, Норвегия бир мындай системаны жөнөтүүнү бышыктаганын, Нидерланд менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Зеленский ошондой эле Киевдин алдында Patriot системаларын алууга каражат табуу милдети турганын кошумчалады.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Patriot зениттик комплекстери үчүн ракеталар Украинага Германиядан жөнөтүлгөнүн билдирген.

Анын алдында Зеленский Кошмо Штаттарынан жана Европа Биримдигинен курал алууда “иш оң жагынан чечилип жатканын” айткан.

Ушул айдын башында Вашингтон Киевге курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон. Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктары биринчи орунга коюлганы менен байланыштырылган.

Көп өтпөй Трамп Украинага Patriot системасын жөнөтүү тууралуу бир канча жолу убада берген жана анын акысын НАТО төлөрүн жарыялаган.

Дагы караңыз

Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу эң жогорку чекке жеткенин билдирди Таиланд Камбоджа менен чек арасындагы кагылышта 16 адам мерт болгонун билдирди Орусия: Кыйраган Ан-24 учагындагы 48 кишинин бири да аман калбаганы бышыкталды Садыр Жапаров Жаза аткаруу кызматынын башчысына сөгүш берди Орусияда 103 миңден ашуун кыргызстандык "кара тизмеде", алардын 30 пайызы балдарПесков Путин менен Зеленский жай аяктаганча жолугары күмөн экенин айтты Макрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди УКМК Жалил Атамбаев кайрадан камалганын билдирди Ош менен Бишкекте 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду Төрөбаев: Кыргызстанда кытайлык салымы бар үч миңден ашык компания катталган Казакстан: дарыгерлерди сабагандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды