"Кул болбогула!" Литвада орус тили үстөмдүк кылганы талкууланууда

Вильнюстун тарыхый борбору

«Вильнюста орус тили өтө көп жаңырып турат». Ушундай пост менен Литвадагы таасирдүү журналисттердин бири, коомдук телеканалдын алып баруучусу Эдмундас Якилайтис бөлүштү. Бул кошуна Латвиядагыдай болуп орус тилин коомдук жайларда чектөө чаралары көрүлүшү керекпи деген талкууга жем таштады.  

Латвияда жарнамаларды, афиша, көрнөк-жарнактарды орус тилинде жазууга болбойт, банкоматтарда да орус тили колдонулбайт. Дүкөндөрдүн кызматкерлери, сатып алуучу өзү атайын суранбаса, кардарларды латыш тилинде тейлөөгө милдеттендирилди.

«Вильнюстун тарыхый бөлүгүндө – Эски шаарда литов тилине караганда орусча көбүрөөк жаңырганына көп болду. Менимче, эне тилин – мамлекеттик тилди урматтап, баалаган биздей адамдардын буга көңүл буруусу маанилүү. Борбор шаарыбыздын жүрөгүндө литва тили азчылыкка айланган», - деп жазды Якилайтис.

Фейсбуктун миңдеген колдонуучусу, өзгөчө оңчул көз караштагы кишилер, арасында айрым аткаминерлер журналистти колдошту.

«Бүгүн иммиграция толкунунун фонунда өзүн-өзү орусташтырууга күбө болуудабыз. Литвалыктар өздөрү орус болууну каалагандай. Орус тилинин Вильнюста үстөмдүк кылып жатканын кантип жөнгө салабыз? Дагы кандай көйгөйлөр күтүп жатат. Кулга айланбагыла – литвача сүйлөөнү талап кылгыла!» - деп үндөдү Тил боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Аудрюс Валотка.

Социалдык тарыхчы Адомас Климантастын айтымында, Литвага баргандардын 85% мурдагы СССРдин аймагынан чыккандар.

“Биз “орус дүйнөсүнө” эшигибизди өзүбүз ачып бердик. Украиндерди албаганда, Литвага келгендердин дээрлик жарымын беларус жана орус эмгек мигранттары түзөт”, - деп түшүндүрөт адис.

Журналисттин постун сындагандар да жок эмес. Маданият министрлигинин кеңешчиси Эвелина Мокшецка социалдык тармактардагы ызы-чууга байланыштуу жек көрүүнүн тили Литвада чоң маселеге айланганын, Орусия андан пайдаланып кетерин эскертет:

“Мындай комментарийлерди мен эки жүздүүлүк жана популизм деп атаймын. 2020-жылы Литва диктатурадан качкан беларустарды кучак жайып тосуп алган. 2022-жылы украиналык он миңдеген качкынды батырып, аларга акча, кийим-кече, дары-дармек чогултканбыз. Эми Вильнюста орус тили жаңырганы кимдир бирөөлөргө жакпай калдыбы? Беларустар менен украиндердин көбү күнүмдүк жашоодо орусча сүйлөшөрүн эсиңерге сала кетейин. Тарыхый кырдаал ошондой болчу”.

Мокшецканын пикиринде, Якилайтистикиндей посттор коомду бөлүп-жарууга гана алып келет.

“Литвада русофобия тарап жатат”, - деп жазды министрликтин өкүлү.

Саясатчылардын бир даары ага кошулбайт. Сеймдин – парламенттин спикери Саулюс Сквернялис орус тили башкалаада үстөмдүк кылып калганы актуалдуу маселе деп эсептейт.

«Ооба, бул көйгөйдү чечүү үчүн биздин өлкөдө отурукташып, иштөөнү, жергиликтүү калк менен жуурулушууну каалагандардын литов тилин үйрөнүүсүнө шарт түзүш керек. Маселе бар, биз аны көз жаздымда калтыра албайбыз”, - деп айтты спикер.

Литванын Миграция кызматы түшүндүргөндөй, орус тилинин жайылышы менен Москва кошуна өлкөсүнө каршы согуш баштагандан кийин Украина, Беларус жана Орусиядан агылган качкындар менен мигранттардын көбөйүшүнүн ортосунда түздөн-түз байланыш бар.

Кырдаал курчуп турганда Литва 95 миң украиналыкты кабыл алган учур болгон. Өз калкы 3 миллионго жетпеген өлкө үчүн бул абдан чоң сан, - деп эсептейт бийлик.

«Кардарларды тейлөө борборлорунда качкындардын жарымынан көбү өз ара да орусча сүйлөшкөнүн байкадык. Биз менен да орус тилинде сүйлөшкөнү табигый көрүнүш. Себеби көп учурда англисче билишпейт. Бирок бири-бири менен да орусча сүйлөшөт», - деди Литванын Миграция департаментинин башчысы Эвелина Гудзинскайте.

Ушу тапта Литвада расмий эсепке ылайык, 200 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран жашайт. Алар калктын 7% түзөт. Салыштыра кетсек, он жыл мурун мигранттардын саны мындан 5 эсе аз болчу. Негизги бөлүгү Украина, Беларус, Орусия жана Өзбекстан жарандарына туура келет.

Акыркы кезде орус, украин жана беларустардын саны азайып баратат. 2023-жылдан тарта Литвадан 30 миңге чукул украиналык, беларус жана орусиялыктар чыгып кеткен.

Ошентсе да, жергиликтүү жашоочулардын айтымында, шаарлардын көчөлөрүндө орус тили кадам сайын угулуп турат.

«Шаарга чыксаң, орус тили көбөйгөнү кадимкидей сезилет», - деп бөлүшөт өз байкоосу менен Вильнюстун тургуну.

Экинчиси «менталитетти өзгөртүү үчүн убакыт керек, себеби чоң элдин өкүлдөрү, орустар же америкалыктар болобу, башка тилди билбейт, аларды бардык жерде түшүнүш керек деп ойлошот», - деген пикирде.

Белгилүү математик Вайдотас Землис-Балявичюс орус тили башкалаада ашыкча көбөйүп кетти деген постту «ксенофобиялык тымызын ой камтылган нааразылык» деп сындады. Анын айтымында, журналист өз позициясын далилдеген бир да ишенимдүү фактыны келтирген эмес.

Ал эми саясий технолог Миндаугас Лапинскас тил маселесинин курчушу жергиликтүү шайлоо алдындагы саясий өнөктүк болушу мүмкүн деп болжолдойт.

Интеграция маселесине келгенде эксперттердин көбү чет өлкөлүктөрдүн коомдук турмушка жуурулушуусу үчүн малекеттик тилди билүү зарыл деп санашат.

Литвада иштеш үчүн үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары тилди эң төмөнкү А1 деңгээлинде билүүгө тийиш. Украиндерден гана кеминде жарым жыл бою андай билим талап кылынбайт.

"Настоящее время" телеканалынын материалы.