Ташиевдин убадасынан кийин Жайнак Немат уулу Нарынга мэр болуп дайындалды

Камчыбек Ташиев менен Жайнак Немат уулу.

Президент Садыр Жапаровдун 25-июлдагы тескемесине ылайык, Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Дагы бир тескемеси менен бул орунга Жайнак Немат уулу дайындалды. Ал буга чейин Ноокен районунда төрт жылдан бери акимдин орун басары болуп иштеп келген.

Апта башында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган районго барганда Немат уулу менен сүйлөшкөн. Анда "же начар иштегенинен улам, же колдоочусу жоктугунан" бир жерде төрт жылдан бери отурганын айткан. Ошону менен катар эле Немат уулун өлкөнүн түндүк тарабына аким кылып жөнөтүүнү убада кылган.

Маалыматтарга караганда, Жайнак Немат уулу 46 жашта, Ноокен районунан акиминин орун басары болуп 2021-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ага чейин Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри болгон.

Дагы караңыз

Жаңы гимндин беш варианты тандалып алынды, музыкасы үчүн сынак жарыяланды Кең-Сайдагы курулуш: мурдагы башкы прокурор Жамшитовдун атасы кармалганы кабарландыКазакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилдиЭнергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айттыУкраинадагы согушта мерт болгон 120 миң орусиялыктын тек-жайы такталдыМакрон Франция Палестина мамлекетин тааныйт деген чечим кабыл алганын билдирди Зеленский АКШдан сураган 10 Patriot комплексинин үчөө келатканын айтты Орусия: Кыйраган Ан-24 учагындагы 48 кишинин бири да аман калбаганы бышыкталды