Орусиянын Ростов облусунда 26-июлга караган түнү Украинанын чабуулунда эки адам мерт болду.
Облустун губернатору Юрий Слесарь учкучсуз аппарат Зимовниковск районундагы жолдо бараткан машинага тийип, ал күйүп кеткенин, ичиндеги эки адам мерт болгонун кабарлады.
Анын сөзүнө караганда, бул түнү Ростовдун беш районуна чабуул жасалган. Соккулардын айынан зымдар үзүлүп, айрым үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады, тамдардын терезелери, чатырлары жабыркады.
Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге оогон түнү жалпысынан 50дөн ашык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.