ИИМ: чоң жолдордо сол тилкеде жай айдагандарга айып пул салына баштайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салына баштарын эскертти. Ал айрыкча Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт жолдорунда сол тилкеге түшүп алып жай айдагандардын айынан жол кырсыктары болуп жатканын айтты.

"Мисалы чет өлкөлөрдө трассаларда шашпай бара жаткандар оң тилке менен жүрөт, ылдам жүргөндөр сол тилке менен өтөт. Сол жак ар дайым бош болуп, ылдам жүрүүгө шарт түзүлөт. Бизде болсо тескерисинче, көп айдоочулар сол тилкеге түшүп алып, жай айдап, башкаларга тоскоолдук жаратып, жол бербейт. Жол жалгыз өзүнө таандык болгонсуп ортого дагы түшүп алгандар бар. Натыйжада шашып бараткан айдоочулар аргасыз оң жактан ашып өтүүгө аракет кылып, кырсыкка кабылып жатат. 1-сентябрдан тартып, президенттин жарлыгынын негизинде чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындай айдоочуларды аныктап калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана алар кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет",-деген Ниязбеков.

Май айында ИИМ жол эрежесин бузган айдоочуларды кайрадан экзаменге жиберүүнүн тартибин иштеп чыгып, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда ондон ашык жолу эреже бузгандардын, анын ичинде атайын белгиси жок машине айдагандардын жана жол эрежелерин одоно бузгандардын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, айдоочу өзү экзаменге жөнөтүү каралган.

Мындай демилгени быйыл март айында президент Садыр Жапаров көтөрүп, тиешелүү мекемелерге тапшырма бергени маалым болгон жана бул сунуш талаш-талкуу жараткан.

Дагы караңыз

Ташиевдин убадасынан кийин Жайнак Немат уулу Нарынга мэр болуп дайындалды Жаңы гимндин беш варианты тандалып алынды, музыкасы үчүн сынак жарыяланды Кең-Сайдагы курулуш: мурдагы башкы прокурор Жамшитовдун атасы кармалганы кабарландыКазакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилдиЭнергетика министри Токтогул суу сактагычында суу быйыл 700-800 млн кубга аз экенин айттыУкраинадагы согушта мерт болгон 120 миң орусиялыктын тек-жайы такталды