Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы атышууда 33 адам мерт болду

Кагылыш болгон аймактардан он миңдеген алам эвакуацияланды.

Тайланд менен Камбоджанын чек арасында айыгышкан куралдуу кагылыш үчүнчү күнү катары менен уланып жатат.

Камбоджанын Коргоо министрлиги жаңжалда бери дегенде 13 киши мерт болгонун, алардын сегизи жайкын тургундар экенин кабарлады. Маалыматтарга караганда, дагы 70тен ашык адам жараат алды.

Тайланддын армиясы өлгөндөрдүн саны 20га жеткенин, алты жоокер жана 14 жайкын тургун набыт кеткенин кабарлады.

Куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү чукул жыйынга чогулду.

Кагылыш болгон аймактан Тайланд 140 миңдей, ал эми Камбоджа 35 миңден ашык адамды эвакуациялады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Камбоджанын бул уюмдагы өкүлү Чхеа Кео анын өлкөсү согушту эч кандай шартсыз чукул арада токтотууну, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү талап кылганын айтты.

Тайланддын тышкы иштер министри Марис Сангьямпонгса сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Камбоджа “жаңжалды чечүүгө чын ыкласы менен аракет кылып жатканын көрсөтүшү керектигин” билдирди. Ал расмий Пномпенди “Тайланддын суверендүүлүгүн бузууну токтотууга” чакырды.

Бангкок менен Пномпен жүздөн ашык жылдан бери эле Прэахвихеа жана Та Моан Тхом храм комплекстери турган аймакты талашып келет.

БУУнун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.

Дагы караңыз

КФБ Жоэл Кожо Өзбекстандын “Нефтчи” футбол клубуна өткөнүн билдирдиАмангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборунун даярдыгын текшерди ИИМ: чоң жолдордо сол тилкеде жай айдагандарга айып пул салына баштайт Ташиевдин убадасынан кийин Жайнак Немат уулу Нарынга мэр болуп дайындалды Жаңы гимндин беш варианты тандалып алынды, музыкасы үчүн сынак жарыяланды Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат он жылга кесилди