«Аккую» атомдук электрстанциясынын курулушунда иштегендердин арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар.
Бул АЭСти Орусиянын мамлекеттик "Росатом" корпорациясы куруп жатат.
Ушул аптада иш таштаган жумушчулар айлык берүү бир нече айдан бери кечеңдеди деп нааразылык билдиришти.
"Эл жол тосуп, машинени өткөрбөй жатат. Өткөндөрдүн машинелерин таш, арматура менен уруп жатышат", - деп айтты интернетке тараган видеодо күбөлөрдүн бири.
Нааразылыкка чыккандарды таркатуу үчүн полиция суу жана атайын техника колдонду.
Дагы караңыз Украинадагы согуш: Эрдогандын кызыкчылыгы"Росатом" айлыктын кечеңдешине атомдук тармакта Орусиянын долбоорлору менен атаандашкан "дос эмес мамлекеттердин аракети" себеп болду деп айыптады.
Корпорация жумушчулардын айлыгы берилерин, ошол эле маалда кыскартуулар болорун айтууда.
"Бүгүн май айы үчүн айлыктын жарымы келет. Жарымы, бирок келет деп жүз пайыз айта алам. Андан кийин биз силер менен чогулуп, кыскартуулар тууралуу документтерге кол коебуз", - деди жумушчуларга "Росатомдун" өзүн Артем деп тааныштырган өкүлү.
Жумушчулардын маалыматына караганда, бул курулушта 9 миңдей киши иштейт. Алардын көбү орусиялыктар. Ошол эле маалда Борбор Азиянын жарандары - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан баргандар бар.
Дагы караңыз Анкара менен Москваны түпөйүл кылган кол салуу: "Абдулла" ким?Казакстандык жумушчу Даулет Аныкбек нааразылыктан кийин корпорациянын өкүлдөрү жумушчулардын талабын укканын билдирди.
"Бригадир жана мастерлер байланышка чыгышты. Силерге кайсы аэропорттон кандай билет алып берели деп сурашты. Казакстанга бекер билет алып беребиз дешти. Мурда Казакстанга чартердик каттам жок болчу. Биз өзүбүз барып келчүбүз. Үйүңөргө кайткыңар келсе, бекер билет беребиз дешти. Бирок көбү билеттен баш тартышты. Айлыкты алмайынча кайтпайбыз деп атышат".
"Росатом" АЭСтин курулушу уланарын, бирок реакторду ишке киргизүү убактысы жыларын билдирүүдө.
Түркиядагы "Аккую" АЭСинин курулушу 2018-жылы башталган. Ал үчүн 20 млрд доллар кетери айтылган.