Өзбекстан 100 жыл мурун кандай эле?
Өзбекстан 100 жыл мурун кандай эле? Сүрөтчү Макс Пенсондун объективине илинген тарыхый көз ирмемдер.
Макс Пенсон 1893-жылы Смоленск облусунда еврей үй-бүлөдө туулган. Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда аны Кокон шаарына эвакуациялашкан. Адегенде ал жергиликтүү мектепте сүрөттөн сабак берсе, кийинчерээк фотографияга кызыга баштаган.
1926-жылы Макс Пенсон Өзбекстандын эң ири басылмасы — «Правда Востока» гезитине фотокорреспондент болуп ишке чакырылган. Бул мезгил өлкөдө индустриализация жана коллективдештирүү сыяктуу чоң өзгөрүүлөр менен дал келген. Чебер өз камерасы менен ошол доордун маанилүү көз ирмемдерин тартып калган.
Өзбекстанда паранжа кийген аялдар, 1920-жылдар. Совет бийлиги бекемделген сайын жүзүн жапкан аялдар азайган. Бул мезгил аялдардын коомдогу ролу өзгөрө баштаган тарыхый учур эле.
Тамара-ханум - Өзбекстанда жүзүн ачып, паранжа кийбей сахнада бийлеген алгачкы аял катары таанылган өзбек бийчиси.
Өзбек мектебинде сабатсыздыкты жоюу маалы, 1920-жылдар. "Ликбез" - 8ден 50 жашка чейинкилерди окутуп, калың калктын сабатын жоюуга багытталган советтик билим берүү өнөктүгү болгон.
Фергана каналынын курулушу, 1939-жыл. Совет доорунда колхоз талааларындагы сугат системасынын ири долбоору. Амударыя менен Сырдарыяга каналдар менен суу сактагычтар курулуп, бул эң чоң экологиялык кырсыкка - Арал деңизиндеги кризиске себеп болгон.
1930-жылдардагы пахта терим. Пахта талаалары - Макс Пенсондун чыгармачылыгындагы өзүнчө тема. Өзбек ССРи Советтер Союзунда пахтанын мекени саналган, жалпы өндүрүштүн 70% камсыздаган.
Колхоздо иштеген жумушчу жыйылган пахтанын үстүндө эс алып жатат.
1930-жылдардын биринчи жарымында Өзбекстанда Сталиндин керт башына сыйынуу идеологиясы жандана баштаган.
Бухарадагы улгайган еврейлер. 1948-жылы СССРде Сталиндин тушунда антисемитизм күч алган мезгилде Макс Пенсон «Правда Востока» гезитинен бошотулган. Ал сүйүктүү кесибинен кол жууган.
Чыгармачылык менен алектене албай калган соң фотограф узак жыл бою терең депрессияга кабылып, 1959-жылы өз өмүрүнө кол салган. Анын архивиндеги сүрөттөр бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Жалпысынан жеке архивде 50 миңге жакын сүрөт бар.