Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Ирандын Кыргызстандагы элчиси акыйкатчыдан кыргыз абагындагы жарандарына көмөк көрсөтүүнү өтүндү


Акыйткатчы институту тараткан сүрөт.
Акыйткатчы институту тараткан сүрөт.

Акыйткачы Жамиля Жаманбаева 28-июлда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолукту.

Омбудсмен институтунан кабарлашкандай, анда элчи экономикалык кылмыштарга айыпталып, тергөө абагында отурган төрт иран жаранынын укуктарын камсыздоого көмөктөшүүнү өтүндү.

"Элчинин айтымында, алардын экөө экономикалык кылмышка байланыштуу иште күбө катары суракка чакырылып, кармалган. Дагы эки ирандык Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) боюнча шектелүүдө. Акыйкатчы институту Ирандын кармалган жарандарын камакта кармоо шарты жана алардын саламаттыгы боюнча мониторинг жүргүзүү үчүн кызматкерлерин тергөө абагына жөнөтөт",-деп жазылган маалыматта.

Аталган институт ирандык жарандар качан, кандай иш менен кармалганы тууралуу мындан башка маалымат берген жок.

Омбудсменден билдиришкендей, Ирандын түрмөсүндө учурда бир кыргыз жараны кармалып турат. Ага экономикалык кылмыштарга байланыштуу айып тагылган. Жакында эле кыргыз абагында отурган Ирандын бир жараны өз өлкөсүнө экстрадицияланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG