Орусия Днепропетровскидеги дагы бир кыштакты ээлеп алганын билдирди

Днепропетровск менен Донецк облустары чектешкен жердеги стела.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Днепропетровск облусундагы Малиевка кыштагын ээлеп алганын билдирди.

Буга чейин аталган аймактагы Дачное айылына дагы орус аскерлери кирип барганын маалымдаган. Украина бул айыл Орусиянын карамагына өткөнүн расмий жокко чыгарган.

Орус армиясы Малиевканы көзөмөлдөп жатканы бейтарап булактардан тактала элек. Бирок орусиячыл блогерлер бул тууралуу ишенимдүү жазып жатышат.

Донецк облусуна жакын жайгашкан бул кыштакта согушка чейин 163 адам жашаган.

Украина Малиевкага байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Днепропетровск облусу Донецкиден айырмаланып аннексияланган эмес. Бирок Орусияснын армиясы соңку апталарда бул аймакка тынымсыз сокку урууда. Киев Днепропетровскиде Орусиянын диверсиялык-чалгын топтору бар экенин билдирген.

Дагы караңыз

Адылбек Касымалиев Кыргызстан Алтайга үч ак илбирс бергенин айттыИзраил Газага БУУнун гумжардамын жеткирүү үчүн коридор ачарын билдирди Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы атышууда 33 адам мерт болду Амангелдиев "Кыргыз почтасынын" логистикалык борборунун даярдыгын текшерди ИИМ: чоң жолдордо сол тилкеде жай айдагандарга айып пул салына баштайт